Экология кош карек көзгө айланды

Автор: А.У. Аккулов

Бөлүм: География, Зоология

Басылган жылы: Ош, 2010, - 126 б.

Жүктөлгөн убакыт: 2018-02-07 18:01:01

Бул жыйнактын автору географ-илимпоз жана республикадагы алгачкылардан болуп түзүлгөн экологиялык («Максат», «ТүштүкТокой») коомдук уюмдардын, ошондой эле өлкөбүздүн түштүгүндөгү эң ири окуу жайы болгон Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин жетекчиси катары да үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Анын соңку жылдардагы илимий изилдөөлөрүнө, коомдук жана профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланышкан республикалык, анан да аймактык гезит-журналдарга экологиялык жана коомдук маселелерди чагылдырган мүнөздөгү жарык көргөн макалалары, телеканалдарда, түрдүү жолугушууларда, төгөрөк столдордо, семинарларда, илимий конференцияларда сүйлөгөн айрым сөздөрү, ой-пикирлери ушул эмгектин жаралышынын негизи болуп эсептелет.
Жыйнак «Экология», «География», «Жаратылышты пайдалануу» ж.б. адистиктер боюнча эмгектенген кызматкерлерге жана билим алып жаткан студенттерге, коомдук ишмерлерге, жалпы эле окурмандардын кенен чөйрөсүнө арналат.

Жаңы китептер